Жүрөгүмдө калган, бирок тагдырыма жазылбаган сүйүү…

Кээ бир адамдар жашооңо жөн гана келип-кетпейт экен. Алар сенин жүрөгүңдө өмүр бою өчпөй турган из калтырат тура. Арадан канча жыл өтсө да, канча өзгөрүү болбосун, кээ бир эскерүүлөр жүрөктүн түпкүрүндө жашай берет экен.
Биз экөөбүз бир кезде бири-бирибизди чын жүрөктөн сүйүп, келечегибизди бирге элестетип, көп кыялдар менен жашачубуз. Ал менин жашоомдогу өзгөчө адам эле. Бирок сүйүүбүзгө тагдыр эмес, адамдардын чечими тоскоол болду. Анын үй-бүлөсү биздин мамилебизге каршы чыгып, мени эмес, башка кызды таңдашты. Ата — энеси өздөрүнүн эле тең тушунун кызына сөйкө салдырып , «биз айткан кызды аласың» деп чечим чыгарып коюушту. Биздин сүйүүбүз, кыялдарыбыз , ошол күндөн баштап таш талканга айланды.
Менин жашоом супсак , ушуну менен жашоом бүттү деген өмүрдө жашап калдым. Жүрөгүмдө канчалаган суроолор, жоопсуз калган үмүттөр менен жалгыз калдым. Бирок ал үйлөнгөндөн кийин да мени унута алган жок. Кайра издеп, жолугушууну самап, мени дагы деле жакшы көрөрүн айтып жүрдү. Ар бир жолугушуу жүрөгүмдөгү эски сезимдерди кайра ойготуп, балким, бир күнү баарыбыздын жашообуз башкача болуп калар деген үмүттү жаратчу.
Бирок жашоо бир жерде токтоп калбайт экен. Убакыт өткөн сайын ал да өз жашоосуна көнүп, өз жолун тапты. Мен да өзүнчө жашоомду улантууга туура келди. Акыры экөөбүз эки башка жолго түшүп, ортобуздагы байланыш акырындап үзүлдү.
Ошондон бери канча жыл өттү… Жашоо өзгөрдү, күндөр өттү, көп нерсе артта калды. Бирок ошол адамга байланышкан эскерүүлөр жүрөгүмдөн өчпөй келет. Ошол учурда бир эс алуучу жайды жакшы көрөр элек, ар дайым жолукканда ошол жерге барчубуз . Кийин анын элесин издөө үчүн мына ошол паркка күндө барууну адат кылдым. Бирок, жалгыз отуруп кайра кайтчу элем.
Кээде тынч отуруп алып, өткөн күндөрдү эстейм. Эгер ошол кезде бизге каршы болушпагандачы? Эгер бизди бөлүшпөгөндө, бүгүн кандай жашоодо жашап жүрмөкпүз? Балким, бир үй-бүлө болуп, бирге карылыкка жетмекпиз…
Бул суроолорго эч качан жооп таба албайм.
Балким, биз бири-бирибизди сүйгөнбүз, бирок бирге болуу бизге буюрбаптыр. Кээ бир сүйүүлөрдүн аягы баш кошуу менен бүтпөйт экен. Кээ бир адамдар тагдырыңа жазылбаса да, жүрөгүңдө өмүр бою сакталып калат тура.
Мен өткөн күндөрдү кайтара албайм. Бирок ошол күндөрдө жашаган сезимдеримди да жокко чыгара албайм. Ал менин жашоомдо болгон, мен сүйгөн жана жүрөгүмдө из калтырган адам бойдон калды…
Кээ бир сүйүүлөр унутулбайт, болгону адам алар менен жашаганды үйрөнөт экен.



