Окуялар

Ысык-Көл облусунун суу чарба башкармалыгынын жетекчилеринин бири кармалды

О.С.М. аттуу жаран Ак-Суу райондук суу чарбасынын башчысы кызматын ээлеп турганда, 2018-жылдан 2025-жылга чейин жеке кызыкчылыгы үчүн компаниянын экскаваторун үчүнчү жактарга ижарага берип, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталган. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, жалпысынан 625 000 сомду түзгөн ижара каражаттары чарбанын  эсебине которулган эмес, анын ордуна О.С.М. тарабынан менчиктелип алынган.

Мындан тышкары, үчүнчү тараптардын көп жана мыйзамсыз колдонуусунан улам, экскаватор учурда иштебей турат жана колдонууга жараксыз. Баалоо боюнча, экскаватордун базар  баасы 800 000 сомду түзөт.

Ошентип, О.С.М. мамлекетке келтирген жалпы зыян 1 425 000 сомду түздү.

Мындан улам, аталган О.С.М. Каракол шаарындагы тергөө абагына камакка алынып, тергөө  иштери жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button