Этият болуңуз: Telegram жана WhatsApp мессенжерлери финансылык пирамидалар!

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Акыркы убакта Telegram жана WhatsApp мессенжерлери аркылуу финансылык пирамидаларды куруп, элди алдаган учурлар көбөйүүдө. Ички иштер министрлиги эскертет! Алдамчылар сиздин ишенимиңизге кириш учун:
1. Белгилүү бренддерди колдонушат: Шылуундар элге таанымал ири компаниялардын, банктардын же мамлекеттик ишканалардын аталыштарын жана логотиптерин жамынып алышат. Бул алардын иши «мыйзамдуу» деген жалган ойду жаратуу үчүн жасалат.
2. «Жеңил акча» убадасы: Сизге ар кандай долбоорлорго инвестиция салууну жана кыска убакыттын ичинде эч кандай мээнетсиз чоң пайда табууну сунушташат.
3. Ишенимге кирүү учун биринчи төлөмдөр: Сиз аз суммада акча салганыңызда, алар ишенимге кириш үчүн башында бир-эки жолу «пайда» катары акчаңызды кайтарып бериши мүмкүн. Эсиңизде болсун: бул сиздин эле акчаңыз же башка алданган адамдардын акчасы!
4. Блоктоо жана качуу:
Сиз көбүрөөк киреше табуу максатында ири суммадагы акча салганыңызда, шылуундар сизди дароо блоктоп, тайпалардан чыгарып жиберишет. Натыйжада, акчаңызды кайтара албай каласыз.
Өзүңүздү кантип коргоо керек?
• Кыска убактагы чоң пайдага ишенбеңиз:
Эгерде сизге банктык пайыздардан бир нече эсе жогору киреше убада кылынса — бул 100% алдамчылык.
• Лицензияны текшериңиз:
Инвестициялык иш жүргүзүүгө Улуттук банктын же тиешелүү мамлекеттик органдардын уруксаты (лицензиясы) болушу шарт.
• Мессенджердеги анонимдүүлүк:
Эгерде байланыш бир гана мессенджер аркылуу болуп, компаниянын расмий кеңсеси жана дареги жок болсо, алардан алыс болуңуз. Сиздин сак болгонуңуз — акчаңыздын коопсуздугу! Эгерде сиз ушундай абалга туш болсоңуз же шектүү билдирүүлөрдү алсаңыз, дароо жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылыңыз же 102 номуруна чалыңыз!



