Коом

12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында негизги класстарга секирүү болбойт

Жаңы 2026/2027-окуу жылында 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында негизги класстарга секирүү болбойт. Бул тууралуу брифингде Билим берүү министрлигинин өкүлү Ольга Брызгалова билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы мектепке алты жана жети жаштагы балдар бир эле учурда биринчи жана экинчи класстарга кабыл алынган.

«Кийинки жылы алты жаштагы балдар кабыл алынат. Эгер ата-энелер жети жаштагы балдар экинчи класска өтөт деп ойлосо, бул туура эмес. Бардык балдар 12 жылдык мектептин биринчи классына, талапка ылайык, барышат», — деди Ольга Брызгалова.

Педагогика илимдеринин доктору, профессор Абакир Мамытов өткөөл мезгилде балдар үчүн эки программа колдонулганын кошумчалады — “Наристе” программасы боюнча даярдалгандар жана даярдыгы жок балдар үчүн. Кийинки жылы бир гана программа болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button