Коом

Касымалиев Бириккен Араб Эмирликтеринде кыргызстандыктар ачкан заводго барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бириккен Араб Эмирликтеринде кыргызстандыктар ачкан заводго барды. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР жарандары БАЭде ачкан Epos Water Production LLC ишканасы бөтөлкөдөгү ичүүчү суу жана суусундуктарды чыгарат.

Минкаб төрагасы БАЭде өндүрүштүк ишкана ачуу профессионалдуулукту, стратегиялык ой жүгүртүүнү жана өнөктөштөрдөн ишенимди талап кылган олуттуу кадам экенин белгиледи.

«БАЭ рыногу дүйнөдөгү эң динамикалуу өнүгүп жаткан рыноктордун бири, ага кыргызстандык компаниянын кириши — биздин продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жана улуттук бизнесибиздин жетилгендигинин көрсөткүчү», — деди Касымалиев.

Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 50 миң бөтөлкөгө чейин жетет. Ишкана суу куюу үчүн заманбап линиялар жана көп баскычтуу суу тазалоочу системалар менен жабдылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button