Коом
Жумгалбек Шабданбеков УКМК төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Маалыматка ылайык, Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлиги УКМКнын төрагасы кызматына дайындоо үчүн макулдашуу максатында Жогорку Кеңешке киргизилет.
Жумгалбек Шабданбеков 2020-жылдан бери УКМКнын 9-кызматынын начальниги жана төраганын орун басары кызматтарын аркалап келген. Ал 55 жашта. 2022-жылы Шабданбековго генерал-майор наамы ыйгарылган.



