Коом

Бишкек мэриясынын жаңы имараты тогуз кабаттуу болот

Бул тууралуу бүгүн шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында маалымдалды.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлдөрүнүн айтымында, имараттын жер алдындагы бөлүгүндө эки деңгээлдүү унаа токтотуучу жай каралган. Ал алдын ала эсеп боюнча 80 автоунаага ылайыкталат.

Жаңы имаратта кайсы түзүмдөр жайгашары тууралуу кеңири маалымат депутаттарга берилген жок. Аткаминерлер долбоор азырынча такталып, иштелип чыгып жатканын белгилешти.

Тектеш кабарлар

Back to top button