Коом
Бишкекте эркек киши үй менен гараждын ортосуна кыпчылып калган

Бишкектеги Ленин районунда куткаруучуларга Репина көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн дубалы менен гараждын дубалын ортосунда эркек киши кыпчылып, чыга албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, эс-учун жоготкон, болжол менен 60-65 жаштагы азиат улутундагы эркек кишини чыгарып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.



