Галина Байтерек «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн жетекчиси болуп дайындалды

Галина Байтерек «Кыргыз Туусу» басма үйүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Буга чейин ал Кыргыз Республикасынын президенттик администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.
Эске салсак, министрлер кабинети мамлекеттик «Информациялык-басма үйү «Кыргыз Туусу»» мекемесин түзгөн. Тиешелүү чечимге Адылбек Касымалиев кол койгон.
Жаңы түзүлгөн бирикме «Кыргыз Туусу» жана «Слово Кыргызстана» басма үйлөрүн, ошондой эле «Байчечекей» жана «Ала-Тоо» журналдарынын редакцияларын бириктирүү жолу менен түзүлгөн.
Галина Байтерек 1971-жылдын 19-июлунда Чүй облусунун Панфилов районундагы Ровное айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1996-жылы Кыргызс Улуттук университетинин «орус филологиясы» адистиги боюнча билим алган.



