Коом
Сокулукта 500 миң сомдон ашык алимент өндүрүлдү

Чүй облусунда 572 миң сом өлчөмүндөгү алимент өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, Чүй облусунун Сокулук райондук сот аткаруучулары Т.Н.Т. аттуу карызкордун 2020-жылдын 17-январынан 2026-жылдын 9-февралына чейин төлөөгө тийиш болгон алимент карызын өндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
Көрүлгөн чараларынын натыйжасында 572 миң сом өлчөмүндөгү алимент толук өндүрүлүп, С.А.А. аттуу алуучуга өткөрүлүп берилген.



