Коом

УКМК: Саламаттык сактоо министринин орун басары кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети саламаттык сактоо системасында коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында КР Саламаттык сактоо министринин орун басары С.Р.С. тарабынан мыйзамга каршы аракеттер аныкталган.

Тактап айтканда, аталган кызматкер 2022–2023-жылдары КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Транспорттогу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборун жетектеп турган мезгилде жеке пайда табуу максатында карамагындагы кызматкерлерден системалуу түрдө акча чогултууну уюштурган.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында С.Р.С. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда КР саламаттык сактоо системасындагы аталган мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иштери улантылууда.

КР УКМК эскертет: коррупцияга каршы күрөш Комитеттин ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Ээлеген кызмат ордуна жана социалдык статусуна карабастан, коррупциялык укук бузууларга катыштыгы бар бардык жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Тектеш кабарлар

Back to top button