Окуялар

ӨКМ: Бишкекте катуу шамалдан чатырлар учуп, бактар кулады

Бүгүн Бишкек шаарында катуу шамал катталып, эки райондо турак жайлардын чатырлары учуп, бактар кулаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.

Атап айтканда, Ленин районуна караштуу Москва көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн чатыры учуп, жакын жайгашкан үйдүн чатырына кулаган. Бакаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн, Интергельпо көчөсүндөгү турак үйлөрдүн (барак тибиндеги) чатырлары учуп кеткен жана Бакаев көчөсүндө бак кулаган.

Ошондой эле шамал Октябрь районундагы Көк-Жар жаңы конушунун Көк-Жайык көчөсүндөгү турак үйдүн, Көк-Жар айылынын Күйүков көчөсүндөгү турак үйдүн чатырын учуруп кеткен, Мадиев көчөсүндө бак кулап, электр зымга асылып калган жана Малдыбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн сырткы жасалгысы урап, 2 унааны басып калган.

Эскерте кетсек, Кыргызгидромет кызматы бүгүн саат 06:15 тарта Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында секундасына 15-20 чейин метрге жеткен катуу шамал катталышы мүмкүн деген шашылыш билдирүү тараткан.

Тектеш кабарлар

Back to top button