Окуялар
Кошунасына кол салган эркек киши кармалды

Кошунасына кол салгандыгы үчүн эркек киши кармалды, деп билдирди 23-ноябрда Ленин РИИБдин басма сөз кызматы.
18-ноябрда милицияга Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анын айтымында, ал кошунасы менен уруша кеткен, андан кийин ал аны сабап салган. Аталган факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталып, анын алкагында кол салган адамдын өздүгү аныкталган. Ал 1975-жылы туулган Т.Т. болуп чыкты.
Ошондой эле эркек киши башка укук бузуу үчүн атайын кабыл алуу жайында экени белгилүү болду. Буга чейин ага карата КРдин Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлгөн.
Учурда келтирилген жаракаттардын даражасын аныктоо үчүн экспертизалар дайындалды. Жыйынтыгы боюнча укуктук баа берилет.



