Окуялар
Таласта бир кишини топтошуп алып сабаган окуянын чоо-жайы айтылды

Талас шаарында топ киши бир жигитти темир жана жыгач менен аеосуз сабаган окуяда чыр адегенде кайым айтышуудан тутанган. Бул тууралуу бизге укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактар билдирди.
Маалыматка караганда, жабырлануучу коомдук жайда топ балдардын жүрүм-турумуна байланыштуу эскертүү бере коюп, кайым айтыш ондон ашык киши катышкан мушташка айланып кеткен.
«Бул факт боюнча «Бейбаштык» беренеси менен иш козголуп, сегиз адам кармалды. Жабырлануучу ооруканада жатат», — деп айтылат маалыматта.
Токмок жеген бала буга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылганы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, 26 жаштагы жигитти сабоого шектелип 31 жана 32 жаштагы сегиз жергиликтүү тургун убактылуу кармоочу жайга киргизилген.



