Коом

Көңүл буруңуз: социалдык тармакта жалган маалыматтар тараган

Мессенджерлерде жана социалдык тармактарда тарап жаткан адамдардын айрым топтору менен байланышуудан алыс болуу зарылдыгы жана коммуналдык кызматтын кызматкерлери катары өздөрүн көрсөткөн кылмыштуу топтор жөнүндө маалымат жалган жана чындыкка дал келбейт.

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлиги мындай билдирүүлөрдү жасаган эмес. Жарандардан тынчтыкты сактоону жана расмий маалымат булактарына гана ишенүүнү суранабыз.

Эскертебиз, текшерилбеген жана жалган билдирүүлөрдү таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.

Бул билдирүүнү башкаларга жөнөтпөөнү жана ИИМдин расмий булактарына гана таянууну суранабыз.

Тектеш кабарлар

Back to top button