Коом

Ата мекендик кийим өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн түзүлгөн ыкчам штаб ишин улантууда

Тигүү тармагындагы кризистин фонунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдында ата мекендик кийим өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн түзүлгөн ыкчам штаб ишин улантууда. Бул тууралуу маалымат жыйынында Кыргыз Экспорт борборунун директору Урмат Такиров билдирди.

Анын айтымында, экспорт боюнча кырдаал азырынча оңой эмес. Ошондуктан тигүү ишканалары тарабынан маалыматтык жана консультациялык жардамга болгон суроо-талап жогору бойдон калууда. Ушуга байланыштуу ыкчам штаб жабылбайт.

2025-жылдын 19-ноябрынан бери штабга 31 компания кайрылып, жалпысынан 50 кайрылуу расмий түрдө каралган. Мындан тышкары, 13 окутуу семинары өткөрүлүп, аларга 740тан ашуун адам катышкан. Экспорттоочуларга ыкчам жардам көрсөтүү үчүн ишмердүүлүк түрлөрү боюнча тармактык WhatsApp-топтор түзүлгөн. Учурда бул топтордо дээрлик 1,2 миң адам бар.

Тигүү буюмдарын Россияга жөнөтүүдө көйгөйлөргө туш болгон же жаңы экспорт талаптары боюнча суроолору бар ишкерлер 0550305305 телефону аркылуу кайрыла алышат. Ыкчам штаб Бишкек шаарындагы Экономика министрлигинин имаратында, Абдумомунов көчөсү, 207 дарегинде жайгашкан.

Тектеш кабарлар

Back to top button