Жалал-Абадда жаңы аэропорттун курулушу токтотулду деген маалымат чындыкка дал келбейт

Социалдык тармактарда тараган Жалал-Абад облусунда жаңы эл аралык аэропорттун курулушу токтотулду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААКтын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аэропорттун курулушу улантылып жатат. Долбоор Сузак районунда ишке ашырылууда. Аба майданынын жалпы аянты 381 гектарды түзөт.
Учурда учуп-конуу тилкесин жана перронду куруу үчүн жүргүзүлгөн жер иштеринин 80 пайызы аткарылды. Ошол эле учурда аэровокзалдык комплекс да курулуп жатат — терминалдын имараты экинчи кабатына чейин көтөрүлдү.
Айрым курулуш иштериндеги убактылуу техникалык тыныгуу аба ырайынын начардыгына байланыштуу. Мындай көрүнүш ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда кадимки эле практика болуп саналат.
Азыркы учурда курулуш иштери уланууда жана долбоор бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп жатат.
«Кыргызстандын аэропорттору» ААК коомчулуктан жана социалдык тармак колдонуучуларынан такталбаган маалыматтарды таратпоону суранат.



