Окуялар
Арстанбапты каптаган сел 23 автоунааны агызып, турак жайларга зыян келтирди

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, нөшөрлүү жамгырдан улам 18:30 чамасында колоттордон агып келген суу айылды каптаган.
Жерине саат 18:55терде райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган.
Арстанбап айылын каптаган сел 23 автоунаны агызып кеткен.
Мындан тышкары, эки турак жайды, оорукананы, соода үйүн, беш көпүрөнү, бир чакырым ички чарбалык жолду суу каптаган.
“Жерине Арстанбап айыл аймагынан төрт экскаватор, эки жүктөгүч, бир самосвал, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак жана Жалал-Абад шаарынан жалпы 77 куткаруучу, 7 мотопомпа тартылды”, — деп айтылат маалыматта.



