Окуялар

Манаста 1,5 миллион сомдон ашык салык карызы өндүрүлдү

Манас шаарында салык карызы толук өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурага караштуу сот аткаруучулар кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Манас шаардык сотунун 2025-жылдын 14-августундагы аткаруу баракчасынын негизинде У.Н.Т. аттуу жарандан 1 миллион 590 миң 317 сом өлчөмүндөгү салык карызы өндүрүлүшү керек болгон. Каражат Жалал-Абад (азыркы Манас) боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын пайдасына багытталган.

Сот аткаруучулар тарабынан жүргүзүлгөн мажбурлап аткаруу иш-чараларынын жыйынтыгында 2026-жылдын 2-февралында карыз толугу менен өндүрүлүп, акча каражаты Салык кызматынын эсебине которулган.

Тектеш кабарлар

Back to top button