Казакстанда Кыргызстан менен Кытайдын чек арасына барчу стратегиялык жолдордо убактылуу кыймыл чектелди

Казакстанда төрт облус аймагындагы республикалык маанидеги айрым трассаларда кыймыл убактылуу токтотулду. Бул тууралуу «КазАвтоЖол» улуттук жол оператору билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чектөөлөр аба ырайынын кескин начарлашына байланыштуу киргизилди. Айрыкча Кытай жана Кыргызстан менен чек арадагы бажы өткөрмө пункттарына алып барган стратегиялык жолдордо кыймыл чектелди.
Алматы облусу жана Жамбыл облусу аймактарында жүк жана коомдук транспорт үчүн РФ чек арасы – Мартук – Актөбө – Карабутак – Кызылорда – Шымкент – Тараз – Кордай – Алматы – Хоргос – Кытай чек арасы автожолунда чектөө киргизилди.
Айрым тилкелерде, тактап айтканда Жанакурулуш айылынан Жамбыл облусунун чек арасына чейин, ошондой эле Алматы облусунун чек арасынан Кордай айылына чейин (Кыргызстан менен чек арадагы өткөрмө пункт жайгашкан жер) жана Кенен айылынан Кайнар айылына чейинки бөлүктө жол жабылды.
Алдын ала маалымат боюнча, унаалардын кыймылы 11-март эртең менен кайра жанданышы мүмкүн.



