Коом
Бишкекте клуб жана көңүл ачуучу жайларда рейд өттү

Бишкекте милиция кызматкерлери дем алыш күндөрү клуб, бар жана башка көңүл ачуучу жайларда профилактикалык рейддерди өткөрүштү.
Рейддердин негизги максаты — баңгизаттын жайылышына жол бербөө. Милиция кызматкерлери жайлардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, сактоо жана таратуу үчүн жоопкерчилик бар экенин эскертишти.
ГУВД жайлардын жетекчилерин ички көзөмөлдү күчөтүп, шектүү адамдар же баңгизатка байланыштуу фактылар байкалса, милицияга билдирүүгө чакырды.



