Окуялар
Мурдагы транспорт министри жана экс-депутат Нурлан Сулайманов кармалды

Мурдагы транспорт министри, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нурлан Сулайманов кармалды.
Маалыматты Бишкек шаардык соту тастыктап, ал 3-декабрга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди.
Күч түзүмдөрүндөгү булактар Сулайманов өткөн дем алышта ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кармалганын билдиришкен.
Азырынча кармалышынын себеби белгисиз.



