Коом
Балыкчы — Кочкор темир жолу жылдын этегине чейин ишке берилет

Соцтармакта Орто-Токой менен Семиз-Белдин ортосунда жүк ташыган локомотив жүрүп бараткан видео тарады.
«Кыргыз темир жолу» ишканасы алдыда бир-эки жерде жардыруу болуп, анан курулуш улантыларын билдирди. Ошондой эле жол жыл соңуна чейин ишке киргизилери кошумчаланды.

Белгилей кетсек, аталган жолдун курулушу 2022-жылы башталган. Келечекте Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу менен туташтырылат. Курулуштун болжолдуу наркы 9 миллиард 472 миллион сомду түзөт. Аны «Кыргыз темир жолу» ишканасы өз каражаты менен куруп жатканы айтылган.



