Коом
Быйыл эки парк реконструкциядан өткөрүлөт

Бишкек шаарында 2026-жылы эки парк реконструкциядан өткөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында вице-мэр Рамиз Алиев билдирди.
Анын айтымында, сөз Тоголок Молдо көчөсү жана Дзержинский көчөсүндөгү парктар тууралуу болуп жатат.
Мындан тышкары, Молодая Гвардия бульвары да реконструкцияланат.
Рамиз Алиев белгилегендей, учурда шаарда жалпысынан 12 парк жана 52 сквер бар. Алардын ар бири этабы менен реконструкциядан өткөрүлөт.
Айрым депутаттар шаардагы парктардын учурдагы абалын катуу сынга алышты. Алар бак-дарактарды отургузуу, аларды кароо жана шаарды жашылдандыруу иштерине комплекстүү мамиле кылуу керектигин белгилешти.



