Коом
Жыл башынан бери дыйкандарга лизинг аркылуу 1 миң 89 айыл чарба техникасы берилди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, техникалардын жалпы баасы 3,7 млрд сомду түздү.
Белгилей кетсек, 2011-жылдан тартып министрлер кабинетинин колдоосунда «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ААК аркылуу 7 лизинг долбоору ишке ашырылып келет. Анын алкагында дыйкандарга айыл чарба техникалары жана кайра иштетүүчү жабдуулар жеңилдетилген шартта берилүүдө.
Техникалар 7 жылдык мөөнөткө, жылдык 6 пайыздык үстөк менен лизингге сунушталууда. Бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан мамлекеттик колдоонун негизинде 32 млрд сомго 11 378 даана техника берилди.



