Коом
Жапаров: «Кумтөрдүн» эсебинен «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондуна 2 млрд сом топтолду

«Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунда «Кумтөр Голд Компани» тарабынан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен болжол менен 2 миллиард сом топтолду. Бул тууралуу Садыр Жапаров Нарын облусунда Нооруз майрамында билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылдан тартып Кумтөр алтын кенинен түшкөн жалпы кирешенин 0,6 пайызы «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондуна багытталууда. Учурда фонддо болжол менен 2 миллиард сом жыйналган.
Бул каражаттар аймакты өнүктүрүүгө, анын ичинде Нарын облусундагы социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалууда. Тактап айтканда, фонддун эсебинен Нарын шаарында ипотекалык турак жайлар курулуп жатат.
Мындан тышкары, Кумтор Голд Компани жалпы кирешесинин 1 пайызын Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна да которуп келет.



