Президент Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы кылмышкерлерди өткөрүп берүү (экстрадиция) жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду.
Белгиленгендей, бул документ кылмыш үчүн соттолгон адамдарды өткөрүп берүү боюнча укуктук негиз түзөт. Мунун аркасында алар жазасын өз мекенинде өтөй алышат.
2025-жылдын 21-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган келишим эки өлкөнүн ортосунда адамдарды өткөрүп берүүнүн тартибин жөнгө салат. Тышкы иштер министрлигине ички мамлекеттик процедуралар аяктаганы тууралуу Монголия тарапка кабарлоо тапшырылды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып (2026-жылдын 17-мартындагы «Эркин Тоо» гезити, №20) 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эске салсак, учурда Кыргыз Республикасынын түзөтүү мекемелеринде Монголиянын эки жараны жаза өтөп жатат, ал эми Монголиядагы түрмөлөрдө кыргызстандыктар жок. Ошого карабастан, Монголия тарабынан соттолгондорду өткөрүп берүү боюнча суроо-талаптар келип түшүүдө, ушул себептен мындай укуктук база түзүү зарыл болгон.



