Дүйнө

БУУ акыркы он жылдыкты тарыхтагы эң ысык мезгил деп атады

Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы Дүйнөлүк метеорологиялык уюм (ДМУ) расмий түрдө 2015–2025-жылдар аралыгы 1850-жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткан метеобайкоолор тарыхындагы эң ысык мезгил болгонун тастыктады.

Жарыяланган баяндамага ылайык, 2025-жыл эсептөө ыкмасына жараша эң ысык жылдардын үчтүгүнө кирип, экинчи же үчүнчү орунду ээледи деп Reuters агенттиги жазды.

2025-жылы орточо глобалдык температура индустрияга чейинки деңгээлден болжол менен 1,43 градус Цельсийге жогору болгон.

Ошол эле учурда эксперттер 2024-жыл мындан да экстремалдуу болуп, 1,55 градуска жогорулап, тарыхтагы эң ысык жыл болгонун белгилешти. Бул болсо жылуулуктун өсүү тенденциясы уланып жатканын көрсөтөт.

Окумуштууларды өзгөчө мөңгүлөрдүн абалы тынчсыздандырууда. Отчетто айтылгандай, дүйнөнүн негизги аймактарында муз массасынын жоголушу байкоо тарыхындагы эң начар беш көрсөткүчтүн катарына кирди. Исландияда жана Түндүк Америкада муздун рекорддук деңгээлде эриши катталган.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш баяндамага комментарий берип жатып, глобалдык климаттын абалы өзгөчө кырдаал фазасына өткөнүн билдирди.

«Жер планетасы чектен ашкан абалды баштан кечирип жатат, бардык негизги климаттык көрсөткүчтөр коңгуроо кагууда», – деп баса белгиледи ал.

2015-жылдагы Париж келишимине ылайык, өкмөттөр глобалдык жылуулукту 1,5 градус Цельсийден ашырбоо үчүн бардык аракеттерди көрүүгө милдеттенишкен.

Тектеш кабарлар

Back to top button