Коом

Жөө жүргүнчүлөр катышкан кырсыктар. ИИМ айдоочуларга кайрылуу жасады

Ички иштер министрлиги айдоочуларды жолдордо этият болууга чакырып, жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыктары боюнча кооптуу статистиканы эскертти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы өлкө боюнча жөө жүргүнчүлөрдү сүзүү боюнча 2 миң 853 учур катталган. Натыйжада 284 адам каза болуп, дагы 2 миң 829 адам жаракат алган.

Жөө жүргүнчүлөрдүн күнөөсү менен 342 жол кырсыгы катталып, анда 46 адам каза болуп, 311 адам жабыркаган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык айдоочуларды жөө өтмөктөргө жакындаганда ылдамдыкты азайтууга, жөө жүргүнчүлөргө, айрыкча балдарга жол берүүгө жана мектептер менен бала бакчалардын айланасында өзгөчө этият болууга чакырды.

Мындан тышкары, айдоочуларга рулда бара жатканда алаксыбоо, анын ичинде уюлдук телефондорду колдонбоо керектиги эскертилди.

ИИМ белгилегендей, Жол кыймылынын эрежелерин сактоо адамдардын өмүрү жана ден соолугу менен түздөн-түз байланыштуу.

Тектеш кабарлар

Back to top button