Коом

Кыргызстанда медайымдардын айлыгы дээрлик үч эсеге жогорулайт

Бул тууралуу «Элден собол» программасында Кабар агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин бюджеттик саясат жана каржылык анализ башкармалыгынын башчысы Клара Осконбаева билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда иш стажы жана кошумча төлөмдөрү жок медайымдын базалык айлыгы 11 миң 968 сом болсо, 1-апрелден тартып ал 19 миң 360 сомго чейин жогорулайт. Бул суммага кошумча бир ставка үчүн 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация кошулат.

«Ошентип жалпы эсептелген айлык 36 миң сомду түзөт, ал эми колго тийгени 29 миң сом болот. Демек, медайымдардын айлыгы дээрлик үч эсеге өсөт», — деди Клара Осконбаева.

Ал белгилегендей, 2026-жылдын 1-апрелинен тартып медицина кызматкерлеринин орточо айлыгы 100 пайызга жогорулайт. Бирок айрымдарда өсүш мындан да жогору, айрымдарда төмөн болушу мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Back to top button