УКМК: Укук коргоо органдарындагы кадрдык чечимдер тууралуу жалган маалымат тараткандарга эскертүү берди

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматта айтылгандай, акыркы убакта маалыматтык мейкиндикте жана социалдык тармактарда Кыргызстандагы күч түзүмдөрүндөгү кадрдык чечимдерди сынга алган публикациялар жайылууда.
Текшерилбеген маалыматтар пайда болгонуна байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тактоо киргизип, расмий позициясын билдирүү зарыл деп эсептейт.
Бир катар материалдарда айрым кызмат адамдарынын «саясий амбициялары» жана көшөгө артындагы таасири тууралуу далилсиз, негизсиз билдирүүлөр жасалууда. Бул билдирүүлөр эч кандай далилдер менен тастыкталган эмес. Публикациялардын авторлору анонимдүү булактарга таянышат, бул ишенимдүү журналистиканын принциптерине туура келбейт жана берилген маалыматтын объективдүүлүгүнө шек туудурат.
УКМК мамлекеттик органдардагы бардык кадрдык дайындоолор мыйзамда белгиленген тартипке ылайык гана жүргүзүлөрүн баса белгилейт. Чечимдерди кабыл алууда талапкерлердин бул тармактагы кесиптик тажрыйбасы, билим деңгээли, ошондой эле ишкердик жана моралдык-адептик сапаттары милдеттүү түрдө эске алынат. Конкреттүү фактылар келтирилбестен, «ээлеген кызматка ылайык келбейт» деген жыйынтыктар негизсиз деп эсептелет.
Мындан улам, УКМК жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана социалдык тармактардын колдонуучуларын расмий булактардан алынган текшерилген маалыматтарга гана таянууга чакырат. Тастыкталбаган билдирүүлөрдү жайылтуу коомчулукту адашууга алып келип, мамлекеттик институттардын беделине зыян келтирет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ачыктык принциптерине берилгендигин тастыктайт. Биз конструктивдүү жана чынчыл диалог фактыларга таянуу гана мүмкүн деп эсептейбиз, анонимдүү божомолдорго эмес.



