Нарын аэропорту жүргүнчүлөр үчүн аба каттамын ачты

Бүгүн 8-сентябрда «Нарын» жана «Казарман» аэропорттору расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов бирдирди.
Президент Садыр Жапаров Нарын аэропортунун ачылуу аземине онлайн форматта катышты жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн аэропорттордун маанилүү экенин айтып кетти.

Сентябрь айынан тартып Нарын аэропорту кайрадан учактарды кабыл ала баштады. 95 жылдык тарыхы бар “Нарын” аэропортунун инфраструктурасы, учуп-конуу тилкеси жана коопсуздук системалары эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылган. Белгилей кетсек, 1999-жылдан бери жабык турган аэропорттун учуу-жабуу полосасы жана аэровокзалы жаңыртылды. Эми ал кичи авиация учактарын жана жакын аралыктагы авиалайнерлерди – Ан-2, Ан-26, Ан-28, Як-40, Dash Q400 кабыл ала алат.
Мамлекеттик «Асман Эйрлайнс» компаниясы аэропортко алгачкы техникалык рейсин жасады. Аэропорт шаардан 2133 метр бийиктикте жайгашкан.



