Окуялар

Ошто жол кырсыгынан 7 киши каза болуп, тогуз адам жабыркады. ФОТО

Оштун Кара-Суу районунда үч автоунаа кагышып, алдын ала маалымат боюнча, жети киши көз жумганын ӨКМ билдирди.

Кырсык Бишкек — Ош унаа жолунун 661-чакырымында катталып, анда КамАЗ, Mercedes-Benz Sprinter жана Daewoo Nexia сүзүшкөн.

Каза болгон жети кишинин үчөө эркек, төртөө аял экени айтылды.

«Ошондой эле алты адам Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, ал эми үч бала балдар ооруканасына жеткирилген. Аты-жөндөрү такталууда», — деп жазылган маалыматта.

Учурда жеринде абалды ӨКМ башчысынын орун басары Акылбек Мазарипов баштаган куткаруучулар көзөмөлдөп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button