Саясат

Илхам Алиев Кыргызстандын ийгилигине кубанарын билдирди

Кыргызстан менен Азербайжандын алакасы эң жогорку баскычка көтөрүлдү. Бул тууралуу өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Азербайжандын президенти Илхам Алиев айтты.

Ал Чолпон-Атадагы «Рух-Ордо» маданий борборунда президент Садыр Жапаров менен жолугушууда эки мамлекеттин мамилелери эң жогорку — союздаштык деңгээлге жеткенин баса белгиледи.

«Биз дос жана боордош өлкө катары сиздердин ийгиликтерге дайыма кубанабыз. Боордош өлкөнүн жетишкендигин өзүбүздүкү катары кабыл алабыз», — деди Алиев.

Азербайжан лидеринин сапарынын алкагында кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланып, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button