Коом

Казакстандан келген 25 тонна пияз Кыргызстанга өткөрүлгөн жок

Чүй облусундагы Ак-Тилек өткөрмө пунктунда Казакстандан келген 25 тонна пияз Кыргызстанга өткөрүлгөн жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, фитосанитардык карантиндик көзөмөл учурунда адистер Казакстандан импорттолгон 25 тонна баш пияздын таңгагында милдеттүү маркировка жок экенин аныкташкан.

Евразия экономикалык комиссиясынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы №157 чечимине ылайык, карантиндик продукциянын ар бир таңгагында товардын аталышы, чыккан өлкөсү жана экспорттоочу же реэкспорттоочу мамлекет көрсөтүлүшү керек.

Мындай маалыматтын жоктугу Евразия экономикалык союзунун бирдиктүү фитосанитардык талаптарын бузуу болуп эсептелет. Ошондуктан жүк белгиленген нормаларга жооп бербейт деп табылып, кайра жөнөтүүчү тарапка кайтарылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button