Кенелер быйыл эрте активдешти. 17 адамды кене чаккан учур катталды

Кыргызстанда кенелер активдешти. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Адатта кенелердин биринчи активдүүлүк чокусу апрелдин аягы – майдын башына, ал эми экинчиси август – сентябрь айларына туура келет. Бирок 2026-жылдын расмий маалыматына ылайык, буга чейин эле 17 адамды кене чаккан учур катталган. Бул маселенин актуалдуулугун жана кооптуу мезгилде сактык чараларын көрүү зарылдыгын көрсөтөт.
Ушуга байланыштуу адистер кене энцефалити жайылган аймактарга барганда этият болууну эскертишти:
- дача жана үй жанындагы участоктордо;
- токой жана токой-парк аймактарында;
- шаардык парктарда жана эс алуу жайларында.
Кене чакканда ар кандай кооптуу оорулар пайда болушу мүмкүн. Алардын ичинен эң коркунучтуусу — кене энцефалити. Бул оору борбордук нерв системасын жабыркатат жана оор кесепеттерге, анын ичинде майыптыкка же өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Кене чакпоосу үчүн:
ачык түстөгү, жабык, жеңи бекем кийим кийиңиз;
сейилдөө учурунда жана андан кийин кийимди жана дененин ачык жерлерин текшерип туруңуз;
кенеге каршы репелленттерди колдонуп, нускаманы так сактаңыз;
бийик чөптөрдөн жана бадалдардан, айрыкча жол жээктеринен алыс болуңуз.
Эгер кене жабышып калса:
мүмкүн болушунча тез алып салыңыз (пинцет же атайын шайман менен, териге жакын кармап, жай тартып чыгарыңыз; же жип менен акырын чыгарыңыз);
чаккан жерди антисептик (йод, спирт) менен тазалаңыз;
колуңузду самын менен жууңуз;
кенени сактап, аны аныктоо үчүн санитардык-эпидемиологиялык кызматка кайрылыңыз.



