Дыйкандарга дизелдик күйүүчү май литри 74 сомдон жеңилдетилген баада сатылууда

Кыргызстанда дыйкандарга дизелдик күйүүчү май литри 74 сомдон жеңилдетилген баада сатылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык жана кооперация башкармалыгынын башчысы Туратбек Идрисов «Биринчи радионун» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик колдоонун алкагында 7 миллион литр арзандатылган дизелди бөлүштүрүү каралган. Баа монополияга каршы орган менен макулдашылып, жеткирүү Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу жүргүзүлүп, андан соң райондук агрардык башкармалыктар аркылуу таратылууда.
Бүгүнкү күнгө карата 231 тоннадан ашык күйүүчү май бөлүштүрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, күйүүчү майды берүү жазгы талаа иштеринин башталышына байланыштуу жүрүп жаткандыктан, айрым аймактарда, өзгөчө Чүй облусунда, алуу темпи башка облустарга салыштырмалуу төмөн болуп жатат.
Ошондой эле Идрисов учурда өлкөдө күйүүчү-майлоочу материалдардын тартыштыгы жок экенин белгилеп, дыйкандарды күйүүчү май менен камсыздоо туруктуу деңгээлде экенин кошумчалады.



