УКМК: Токмокто К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык курал-жарактар сакталган жай табылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында Токмок шаарында маркум криминалдык төбөл К.Көлбаевдин (К. Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык, ар кандай мыйзамсыз иш-аракеттерде колдонуу үчүн даярдалган деп болжолдонгон ок-дарылардын жашыруун сакталган жери табылды.
Белгилей кетсек, курал-жарактар жана ок-дарылар сакталган жашыруун жайдан: 2 кесилген мылтык, 2 мина, 1 өзүн-өзү жардыруучу түзүлүш, 1 граната, тротил, 1 бет кап, 2 бычак, 3 жандыргыч жана ар кандай калибрдеги патрондор табылып алынган.


Аталган курал-жарак өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн, анын ичинде республикадагы коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн арналгандыгын жокко чыгарууга болбойт, бул үчүн атайын «ийгиликтүү мезгилдин» башталышы күтүлгөн.
Алынган куралдар боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, алардын мурда жасалган кылмыштарда колдонулган-колдонулбагандыгын аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



