Коом

УКМК:  Ат-Башы айыл аймагында жаңы атайын техникаларды сатып алууда мамлекетке келтирилген зыян аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, УКМК мамлекеттик органдар тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу, уурдоо жана максатсыз пайдалануу фактыларын  аныктоо, алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагына жаңы атайын техникаларды сатып алууда мамлекетке 5 363 000 сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин аныктады.

Тактап айтканда, 2025-жылдын апрель айында Ат-Башы айыл аймагында жаңы таштанды ташуучу унааны жана жаңы кран-манипуляторду сатып алуу боюнча тендер жарыялаганы аныкталган. Натыйжада, «В.» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, жалпысынан 10 863 000 сомго келишим түзүлгөн. Көрсөтүлгөн атайын жабдуулар «Ат-Башы Тазалык» муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүлүп берилген.

Эксперттик баалоо боюнча, тендерден кийин жеткирилген таштанды ташуучу унаанын шасси номери өзгөртүлгөн, унаа 2019-жылдан берки тетиктер жана компоненттер менен жабдылган жана салону кайра сырдалган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аныкталган зыяндын орду толтурулуп, тендердин квалификациялык талаптарына жооп берген 5 миллион 363 миң сомдук 2025-жылы чыгарылган жаңы “DONGFENG” таштанды ташуучу унаасы алынып келинди.

Тектеш кабарлар

Back to top button