Саясат

Касымалиев иш сапары менен Азербайжанга барат

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 1–2-апрелде Азербайджан өлкөсүнө иш сапары менен барат.

Сапардын жүрүшүндө ал Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана вице-президенттеринин экинчи жыйынына катышат.

Ошондой эле анын Ильхам Алиев менен жолугушуусу пландалган.
Жолугушууларда тараптар эки тараптуу кызматташтык маселелерин жана Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашары күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button