Коом

Аймактарда азык-түлүк жарманкелери үзгүлтүксүз өтүүдө

Азык-түлүк жарманкелери жер-жерлерде үзгүлтүксүз уюштурулууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Талас районунда, Ысык-Көл облусунун Түп районунда, Нарын облусунун Нарын районунда, Баткен облусунун Кадамжай районунда азык-түлүк жарманкелери өттү.

Жарманкеге жергиликтүү дыйкан, фермер жана кайра иштетүүчүлөр катышып, эт жана сүт азыктарын, жашылча-жемиштерди, дан азыктарын, экологиялык таза айыл чарба продукцияларын сунушташты.

Жарманкеде азык-түлүк жана эт базар баасынан бир топ арзан болду.

Министрлик мындай жарманкелер калкты керектүү азык-түлүк менен камсыз кылуу, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында уюштурулуп жатканын белгилейт.

Тектеш кабарлар

Back to top button