Президенттин тапшырмасы менен мэр Фучик көчөсүндөгү авариялык үйдүн тургундары менен жолукту

Президенттин тапшырмасынын алкагында Бишкек шаарында Фучик көчөсүндөгү №20 авариялык үйдүн тургундары менен мындан аркы аракеттерди аныктоо боюнча жумушчу жолугушуу өттү. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, шаар мэри Айбек Жунушалиевдин айтымында, Курулуш министрлигинин маалыматы боюнча, бул үй эки жылдан бери ведомствонун көзөмөлүндө турат. Бул убакыт аралыгында имараттын техникалык абалы начарлап, учурда авариялык абалга келген.
Шаар башчысы белгилегендей, үй ээлерине Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу батирлер сунушталат, айырмасын жеңилдетилген шартта кошумча төлөө мүмкүнчүлүгү берилет. Ар бир менчик ээсинин мүлкү бааланып, алар менен жекече иш жүргүзүлүп, тиешелүү келишимдер түзүлөт. Коммерциялык жайлар да турак жайлар менен тең каралат.
Аталган үй бузулат, ал эми жер тилкеси муниципалдык менчикке өткөрүлөт.




