Адис дүйнөдө адамдардын түнкү уйкусунун сапаты кыйла начарлап кеткенин билдирди

Профессор Альфредо Родригес Муньос дүйнөдө адамдардын түнкү уйкусунун сапаты кыйла начарлап кеткенин билдирди. Ал Hola басылмасына берген маегинде жакшы уйкунун негизги душманын атады.
«Стресс — бүгүнкү күндө сапаттуу уйкунун эң башкы душманы. Ал организмди дайыма чыңалуу абалында кармап, кортизол гормонунун деңгээлин жогорулатат, ойлорду ылдамдатып, эс алууну кыйындатат», — деп түшүндүргөн Муньос. Анын айтымында, мунун натыйжасында адам “жабык айлампага” түшүп калат: стресс уйкуну бузат, ал эми начар уйку организмди стресске дагы алсыз кылат.
Адистин кошумчалаганына караганда, түнкү уйкуга күн бою даярдануу керек. Көпчүлүк адамдар жөн эле жата калып уктайм деп ойлошот.
«Организм күн ичинде туура сигналдарды алышы зарыл. Эгер биз тынчсыздануу жана ашыкча козголуу менен жатып калсак, анда уктоо кыйын болот», — деп жыйынтыктаган ал.



