Президенттин жарлыгы. Автоунааны үйдөн чыкпай эле каттоого болот

Президент Садыр Жапаров айрым категориядагы транспорт каражаттарын жана аларга болгон менчик укугун онлайн каттоого алуу боюнча убактылуу укуктук режим киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду.
Документке ылайык, жаңы тартип 2026-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин күчүндө болот. Бул мезгилде унааларды каттоо жана аларга болгон укуктарды тариздөө жарым-жартылай алыстан (онлайн) форматка өткөрүлөт.
Жарлыктын алкагында онлайн каттоонун убактылуу тартиби бекитилди. Анын максаты — транспорт каражаттарын эсепке алууну жөнөкөйлөтүү, техникалык кароонун сапатын жогорулатуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу.
Системаны ишке киргизүүгө төмөнкү органдар жооптуу:
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору,
«Кызмат» мамлекеттик мекемеси,
«Тундук» жана
Мамлекеттик бажы кызматы.
Аларга калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, системанын техникалык даярдыгын камсыз кылуу жана ар квартал сайын Министрлер кабинетине отчет берүү тапшырылды.
Ошондой эле жаңы системаны ишке ашырууда төлөм уюмдарын тартууга уруксат берилет.
Эгер пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашса, бийлик транспортту каттоону толугу менен онлайн форматка туруктуу негизде өткөрүүнү пландап жатат.



