Кыргызстанда кайырчылыкка анын ичинде чет элден келгендерге да жаза катаалданат

Бүгүн, 2-апрелде, Жогорку Кенеш үчүнчү окууда Жазык кодексине жана тышкы миграция тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Бул өзгөртүүлөр кайырчылыкка каршы күрөш боюнча жазаларды күчөтүүнү карайт.
Жолдордо акча сураган же коомдук жайларда адамдардын тынчын алып акча сураган учурларда жазалар: коомдук жумуштар 20–30 саат же үч суткага чейин камак.
Эгер адам бир айдын ичинде кайталаса, жаза коомдук жумуштарга тартуу 30–40 саат же 3–5 суткага камакка алуу менен күчөтүлөт.
Чет өлкөлүк жарандар үчүн кайталанган учурда өлкөдөн чыгаруу каралган.
Ошондой эле коргоого муктаж адамдарды (карылар, психикалык оорулары барлар, кош бойлуулар жана майыптар) акча сураган иштерге тарткан учурлар үчүн жоопкерчилик белгиленди. Бул үчүн 20 миң сом айып пул каралган. Эгер бул мыйзамды чет өлкөлүк жаран кайталаса, ал да өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн.



