Окуялар

Дене тарбия жана спорт департаменти Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу эмнеге Олимпиадага барбай калганын түшүндүрдү

“Мушкер Олимпиадага лицензияны июнда алган. Ал эми машыктыруучуларды аккредитациялоо мартта эле бүткөн. Лицензиялык турнирлерге бир канча мушкер катышып, кимиси лицензия алары белгисиз болгондуктан, башкы машыктыруучу аккредитациядан өткөн. Ушуга байланыштуу жеке машыктыручу гана эмес, улук машыктыруучу дагы Парижге бара алган жок”, — деп айтылат маалыматта. 

Эске салсак, жарым финалга чыккан Мунарбектин жеке машыктыруучусу Беганас Султанбаев  Олимпиадага барган делегациянын курамына кирбей калганы соцтармакта кызуу талкуу жаратууда. 

@abal-kg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button