Коом
Кочкор районундагы Тендик айылында темир жол вокзалы курулууда

Нарын облусунун Кочкор районундагы Тендик айылында темир жол вокзалы курулуп жатат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы билдирди.
Маалыматка ылайык, темир жол станциясы эки кабаттан турат. Анда бардык зарыл шарттар каралган.



