Коом
Эстеликке сүрөткө түшө кетиңиз. Орто-Токой суу сактагычында фотозона пайда болду

Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышына кызыккан коноктор үчүн жагымдуу шарт түзүү максатында «Орто-Токой» суу сактагычында сүрөткө түшө турчу атайын бурч (фотозона) пайда болду. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев социалдык тармактагы баракчасыны жазды.
Министр тоо койнун аралап, алыс жолго сапар тарткан ар бир жүргүнчү эми суу сактагычынан токтоп, айланага көз чаптырып, эстеликке сүрөткө түшсө болорун билдирди.
Текебаев фотозона үчүн эң башкысы коопсуз жер тандалып алынгандыгын кошумчалады.



