Саясат

Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттоп, унаа сатып алат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйдун сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Төмөнкү документтер:

Кытайга электр энергиясын экспорттоо жөнүндөгү меморандум;

Кыргызстан — Кытай 500 киловольт электр өткөргүч линиясын жана чакан ГЭСтерди куруу жөнүндөгү меморандум;

Кыргыз — Кытай СУАР Ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндөгү макулдашуу;

Ысык-Көл облусу менен СУАРдын ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү жөнүндөгү протокол;

Синьцзян медициналык университетинин экинчи ооруканасы менен медициналык кызматташуу боюнча макулдашуу;

«Или-Синхэ» ЖЧШ жана «БТК» ЖЧКсынын ортосунда автоунааларды сатып алуу боюнча келишим.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button