Коом
«Нарын» ЭЭАсы WFZO уюмунун толук укуктуу мүчөсү болду

«Нарын» эркин экономикалык аймагы World Free Zones Organization уюмунун толук укуктуу мүчөсү болуп, добуш берүү укугуна ээ болду.
Бул Кыргызстан үчүн эл аралык инвестициялык аренада позициясын бекемдөөгө жана глобалдык өнөктөштүктү кеңейтүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Жаңы макам «Нарын» ЭЭАсына эл аралык тажрыйбага жетүүгө, инвесторлор менен түз байланыш түзүүгө жана чечим кабыл алуу процесстерине катышууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле аймактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга, жаңы долбоорлорду тартууга жана кошумча жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө түзөт.



